Жаңылыктар
COVID-19: Министрлик ыктыярчылар үчүн портал иштетти
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Министрлик ыктыярчылар үчүн портал иштетти

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын колдоосу менен COVID-19 каршы күрөшүүгө ыктыярчы болууну каалаган адамдар жана уюмдар үчүн электрондук порталды ишке киргизди. Ресурска dobro.med.kg шилтемеси аркылуу кирүүгө болот. Портал эл менен байланышты ыраатка келтирүү жана иштеп жаткан ыктыярчыларды окутуу максатын көздөйт.

"Учурда Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну башталып келе жатат, Бишкек менен Ош шаарлары "кызыл" зонада. Бардык облустарда оорунун күчөп жатканы байкалууда", — деп айтылат маалыматта.

Электрондук порталдын функциялары, ыктыярчыларды жана ыктыярчылар кыймылын каттоо, Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен тездетилген окутуу курстарын уюштуруу, QR-коддун жардамы менен ыктыярчыларды идентификациялоо болуп эсептелет. 

Ар бир ыктыярчы жекече QR-коду менен паспорт ала алат, бул өз кезегинде өлкөнүн булуң-бурчтарында болчу процесстерди тездетип, аракеттерди координациялоого жардам берет.