“Кумтөр ишин” саясатташтыруудан алыс болуу керек. Мындай пикирин билдирген талдоочулар соңку камоолорду узак жылдардан бери уланып келаткан ири коррупцияга каршы көрүлгөн чара деп эсептешет. Канадалык компания Кыргызстандын бийлиги менен жең ичинен соодалашып келген көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, аны эл аралык сотто ачык далилдеп берүү зарыл болуп турат. Бул үчүн укук коргоо органдарына бир топ түйшүк жараткан көлөмдүү иш күтүүдө.