Жаңылыктар
Улукбек Марипов жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов билим берүү тармагын санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө мектептерди интернет менен камсыздоо, билим берүү тармагындагы маалыматтык тутумдардын иштеши маселеси боюнча чаралар талкууланды. 

Белгиленгендей, учурда билим берүү тармагында бир катар инновациялык чечимдер ишке киргизилип, алар иштеп жатат. Анын катарында билимди башкаруу маалыматтык тутуму, мектепке электрондук жазылуу, бала-бакчага электрондук кезек, Жаңы китеп, электрондук китепкана, «Санарип Сабак» аралыктан окутуунун билим берүү порталы, башталгыч мектеп үчүн билим берүү порталы, электрондук китепкана, ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун автоматташтырылган тутуму сыяктуу долбоорлор бар. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлигине, 

Кыргызтелеком» ишканасына, Санариптик өнүктүрүү министрлигине жаңы окуу жылына карата азыртадан сапаттуу даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.