Жаңылыктар
Шайлоого документ тапшыруу аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоого документ тапшыруу аяктады

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады. Эми бул партиялар талапкерлеринин тизмесин 20-июнга чейин бериши керек. Үгүт иштери болсо 20-июндан 10-июлга чейин өтөт.

11-июлга дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн Бишкек шаардык кеңешине 17 партия, Ошко 9, Токмок шаардык кеңешине алты партия арыз берген. Ошондо жалпы жонунан 25 саясий партия кайра шайлоого катышууга ниеттенүүдө.

Ал эми мурдагы өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепчи болгон талапкерлер, кайра шайлоого катышууга укугу жок. Белгилей кетсек, мыйзам саясий мекемелердин шайлоого кайталап катышуусуна тыйуу салбайт. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу сыяктуу жат аракеттерге барган тараптарга кайрадан ат салышууга жол берилбейт.

Ар бир жолку шайлоодо кайталанып келе жаткан добуш сатып алуу жана административдик ресурс сыяктуу ыплас көрүнүштүн залакасы шайлоону жокко чыгарып гана тим болбой, өлкөнүн, өзүбүздүн келечегибизге тиерин ар бирибиз түшүнчү мезгил келди. Эмне дегенде - чейрек кылым убакыттан бери саясатчылар эсепсиз убадаларды бергени менен эл мүдөөсү орундалган учур саналуу гана.

Эми шайлоо комиссиясы партиялар берген тизмени 6 күндүн ичинде карап чыгып, талапкер катары каттап, саясий өнөктүккө катышууга укук берет. Мурдагы шайлоолордун жокко чыгышына себепкер тараптар боюнча тергөөнүн жыйынтыгы 20-июнга чейин чыгышы керек. Анткени дал ушул күнү БШК жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоого катышууга катталгандар боюнча акыркы чечимди чыгарат.