Жаңылыктар
Ажы сапарына кайрадан тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Ажы сапарына кайрадан тыюу салынды

Сауд Аравиясы быйыл экинчи жыл катары менен чет өлкөлүк мусулмандарга ажы сапары менен барып, өз өлкөсүнө зыярат кылышына тыюу салды. Падышачылык ажылыкка келүүчү чет элдиктер чек арадан өткөрүлбөйт деп чечим кабыл алганы тууралуу башка өлкөлөргө маалымат берилгенин да билдирди. 

Бул жылы COVID-19га каршы вакцина алган өз өлкөсүндөгү 60 миң жашоочуга гана ажылык кылууга уруксат берилет. Июль айына пландаштырылган ажылык сапарга эмдөөдөн өткөн жана 18 жаштан 65 жашка чейинки курактагы, өнөкөт оорулар менен оорубаган адамдар гана катыша алат деп айтылды. 

Сауд Аравиясында өз өлкөсүнүн ажылык кылууну каалаган жарандары дагы алгач онлайн түрүндө каттоодон өтүшү керек. Өткөн жылы ажылыкка 10 миң адам барган, анын ичинен 70%ы чет өлкөлүктөр, 30%ы жергиликтүү жашоочулар болгон. 2019-жылы 2,5 млн адам ажылыкка барган. Негизи жыл сайын дүйнө жүзүнөн агылып барган зыяратчылар Сауд Аравиясына жылына болжол менен 12 млрд доллар киреше алып келип жүргөн.