Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев БУУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев БУУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев менен жолугушту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев БУУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев менен жолугушту. 

Анда баңги бизнеси, коррупция, кибер кылмыштар жана терроризмге каршы аракеттенүү жаатында кызматташуу талкууланды. Ташиев өлкө тарыхында алгачкы жолу салмагы бир тоннадан ашык героин кармалганын белгилеп, 6 ай ичинде коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн көрсөткүчүнө токтолду. 

Андрей Селезнев болсо УКМКнын бардык демилгелерине жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушууда “КиберПарк” түзүү демилгеси көтөрүлүп, биргелешкен аракеттерди көрүү зарылчылыгы жөнүндө макулдашты.