Жаңылыктар
Мас болуп унаа айдагандарды күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мас болуп унаа айдагандарды күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалууда

Мас абалында автоунаа башкаргандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. 

ИИМдин маалыматы боюнча 2004-2014-жылдары 10 миң адам жол кырсыгынан көз жумса, көпчүлүгүндө айдоочу мас болгон. Азыркы тапта Башкы прокуратуранын жетекчилигинде жаңы мыйзам даярдалып жатат. Анда ичип алып рулга отургандарды үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталган. 

Аталган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери белгиленди.