Жаңылыктар
Саламаттык сактоодогу кыргыз-түрк өнөктөштүгү
Кыргызстан жаңылыктары
Саламаттык сактоодогу кыргыз-түрк өнөктөштүгү

Кыргыз өкмөтү менен Түркиянын ортосунда медициналык илим жана саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу 2014-жылы башталган. Андан бери тараптар бул тармакта маалымат жана тажрыйба алмашуу, эксперттер жана медициналык кызматкерлер менен алмашуу жана ошол эле учурда алардын квалификациясын жогорулатуу багытында өз ара кызматташууну улантып келет. Мындан сырткары фармацевтика жана медициналык жабдыктар тармагында кызматташуу дагы бийик деңгээлге чыккан.