Жаңылыктар
Тез жардам унаасына жол бошотпогон айдоочуларга 10 миң сомдон айып пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Тез жардам унаасына жол бошотпогон айдоочуларга 10 миң сомдон айып пул салынды

Бишкекте "Маяк" аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Анын жүрүшүндө маяк жана атайын бийик үн менен бараткан тез жардам унаасына жол бошотпогон айдоочуларга протокол түзүлүп, тийиштүү берененин негизинде 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Рейддин максаты - үн чыгаргыч, маяк менен жүргөн тез жардам жана ыкчам кызматтардын унааларын тоскоолдуксуз өткөрүү керектигин айдоочуларга түшүндүрүү болду. Мындай иш-чаралар бир күн менен чектелбейт. Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери дагы улана бермекчи.