Улуттук статистика комитети жыл башында айрым тармактарда орточо айлык көбөйүп, кайсы тармакта ошол бойдон калганын кабарлады. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ишканаларда айлык төмөндөгүдөй көрсөткүчтө жогорулады.
Маалымат жана байланыш тармагында - 26,9, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагы - 11,5, мейманкана жана ресторан - 11,1, илимий жана техникалык ишмердүүлүк менен алектенген тармакта - 10,1, баалуу металлдарды казуу - 10, өндүрүш иштетүү - 9,2, дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо - 8,5, суу менен камсыздоо, таштанды иштетүү - 6,6 пайызды түзөт. Электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо жана курулуш тармактарында иштегендердин айлыгы өскөн жок. Белгилей кетсек, Кыргызстанда орточо айлык 18 миң сомдун тегерегинде деп эсептелет.