Жаңылыктар
Чоң-Алайда коопсуздук үчүн район борборуна эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алайда коопсуздук үчүн район борборуна эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайтты

Чоң-Алайда коопсуздук үчүн район борборуна эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайтканын район жетекчилиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, коопсуз жайга көчүрүлгөн беш айылдын эли толугу менен үйлөрүнө кайтып келишти. Учурда аймакта абал тынч. Эл мал-жанын жайытка чыгарып, күнүмдүк жашоосун кадимкидей улантууда. Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Жекенди, Кара-Тейит, Кара-Мык, Чулук, Шибе айылдарынын тургундары 4-июнь күнү коопсуздук максатында райондун борборуна эвакуацияланган.