Жаңылыктар
Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 1 миң 966 адам алды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 1 миң 966 адам алды

Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 1 миң 966 адам алды. Алардын ичинен 1 миң 135ине экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жалпысынан 86 миң 72 адам эмдөөдөн өттү. Аймактар боюнча алганда: Бишкекте – 21 миң 122; Ошто – 6 миң 715; Чүй облусунда – 14 миң 242; Ош облусу – 11 миң 855; Ысык-Көл облусу – 8 миң 167; Талас облусу – 4 миң 208; Нарын облусу – 4 миң 485; Жалал-Абад облусу – 11 миң 498; Баткен облусу – 3 миң 780 адам болду. 

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, кийин 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.