Жаңылыктар
ӨКМ сууга түшүүдө сак болуп, тиешелүү эрежелерди сактоого чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ сууга түшүүдө сак болуп, тиешелүү эрежелерди сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө сак болуп, тиешелүү эрежелерди сактоого чакырат. Маалыматка ылайык, былтыр ушул мезгилге карата 19 адам сууга түшүп жатып каза болсо, бүгүнкү күндө бул сан 28ге жетти. 

Өткөн жылга салыштырмалуу өспүрүмдөр арасында каза болгондор көп катталууда. Буга байланыштуу министрлик сууга түшүүгө уруксаты жок жерлерге, тагыраагы көлмөлөргө түшүү кооптуу экенин эскертет. Бүгүнкү күндө республика боюнча 814 суу объектиси аныкталган. Буга эс алуу жайы, лагерь, пансионат, көлмө, суу жээктери жана бассейндер кирет. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн жыл сайын суучул-куткаруучулар даярдыктан өткөрүлүп келет. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 110 суучул-куткаруучу болсо, анын 35и Чүй облусунда.