Жаңылыктар
Кербен шаарынын кѳчѳлѳрүндѳгү башаламан базарлар тазаланып, иретке келтирилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кербен шаарынын кѳчѳлѳрүндѳгү башаламан базарлар тазаланып, иретке келтирилүүдө

Кербен шаарынын кѳчѳлѳрүндѳгү башаламан базарлар тазаланып, иретке келтирилди. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июнда Аксы районунун мамлекеттик администрациясы, Кербен шаарынын мэриясы, райондук ички иштер бөлүмү, ветеринардык станция, салык кызматы, санэпидкөзөмөлдөө борбору, ӨКМ жана башка мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кербен шаарындагы башаламан, тартипти бузуп көчөдө соода-сатык кылышкан соодагерлер Таш-Төбө, Датка, Тегене базарларына жайгаштырылды.

Кайрадан унаажолго чыгып соода кылган соодагерлерге мыйзам чегинде айып салынары эскертилди жана тиешелүү кызматтар жана шаардык мэрия тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.