Жаңылыктар
«Смарт Бажы» санарип платформасы ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
«Смарт Бажы» санарип платформасы ишке кирет


Мамлекеттик бажы кызматында «Смарт Бажы» деп аталган жаңы санарип платформасынын долбоору иштелип чыкты. Анын башкы максаты - чет өлкөлөр менен соода алакасын жүргүзгөндөр үчүн ылайыктуу шарт түзүп, өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартып келгендер үчүн бажы кызматынын тейлөө сапатын жакшыртуу болуп жатат. Ата мекендик бул санариптик ыкманы эми жергиликтүү IT-компаниялар түзүп чыгат.