Калкты тейлөө борборлорунун иш жадыбалы кайра иштелип чыгууда. Бишкектеги айрым кеңселердин иш күнү эми бир саатка эрте башталышы мүмкүн. Бул кайрылган жарандардын көбөйгөнүнө байланыштуу. Өткөн аптадан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүн бере баштаган.