Президент Садыр Жапаров бүгүн Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алып, бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди. Анын өзөгүн илимий кадрдык потенциал, билим берүү системасын санариптештирүү, билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо маселеси түзүп, 2030-жылга чейин билим берүүнүн сапатын жакшырткан ыңгайлуу шарттарды аныктоо зарылдыгы белгиленди.