Жаңылыктар
Анжиян - Ош автобус каттамы жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Анжиян - Ош автобус каттамы жанданды

1-июндан тарта Өзбекстандын Анжиян шаары менен Ош шаарынын ортосунда маршруттук каттам кайрадан жанданды. 

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандык "Транс-ордо" компаниясы заманбап 12 микроавтобусту каттамга койду. Жүргүнчүлөр 72 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР-анализи менен өтө алат. Өзбекстандын жарандары үчүн биометрикалык паспорт талап кылынат. 

Эске салсак, Анжиян-Ош шаарларынын ортосундагы каттам 2019-жылдын сентябрь айында башталып, былтыр пандемиянын кесепетинен улам токтоп калган. Эки өлкө ортосундагы аралык 45 чакырымды түзөт.