Жаңылыктар
Орхан Инандыны таап берем деп ири суммадагы акча алдап алган жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Орхан Инандыны таап берем деп ири суммадагы акча алдап алган жаран кармалды

Дайынсыз болуп табылбай жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны таап берем деп ири суммадагы акча алдап алган жаран кармалды. 

Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, Түркиянын жараны арыз менен кайрылган. Анда өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, Орхан Инандыны табууга жардамдашуу үчүн 50 миң доллар жана “Subaru Impreza” унаасын алып, дайынсыз таптырбай кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. 

Аталган факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1994-жылы туулган Ош облусунун тургуну кармалды. Кармалган жаран мурда соттолгондугу аныкталды. Тинтүү учурунда жанынан 50 миң доллар, октолгон тапанча жана “Subaru Impreza” унаасы табылган. 

Учурда тергөө иштери менен катар кармалган жарандын башка кылмыштарга катышы барбы же жокпу деп иликтенүүдө. 

Шаардык милиция жогорудагыдай учурлардан сак болууга чакырды.