Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия: президенттердин Сочи шаарында жетишилген келишимдерин ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Россия: президенттердин Сочи шаарында жетишилген келишимдерин ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын, эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Сочи шаарында жолуккан учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашты. Руслан Казакбаев Россия тарапка коронавирус пандемиясы башталгандан бери колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы, анын ичинде кайтарымсыз негизде “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле, мамлекеттер ортосундагы авиа, автотранспорттук жана темир жол байланыштарды толук кандуу жандандыруу аркылуу экономикалык жана гуманитардык алаканы тез арада калыбына келтирүүнүн маанилүү экендиги белгиленди. Россия тарап Баткен облусундагы кыйроого учураган инфратүзүмдүк жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. 

Тараптар БУУнун Уставына жана башка эл аралык конвенцияларга ылайык кабыл алынган аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аранын бузулбастыгы, эл аралык талаштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч менен коркутпоо сыяктуу негизги эл аралык принциптерди бекем кармана тургандыгын тастыкташты.