Соңку бир күндүн ичинде COVID-19дан Бишкек шаарынын - 5, Чүй облусунун 4 жараны каза болду. Коронавирус дагы 371 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте - 169, Ош шаарында - 40, Чүй облусунда - 91, Ош облусунда - 20, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 8, Ысык-Көл облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 13, Баткен облусунда 1 адамдан илдет табылган.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде 299 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 662 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 93 бейтап өтө оор абалда жатат.