Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты.
Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушууда Жылдыз Бакашова энелерди жана балдарды кооптондуруп жаткан бир катар актуалдуу маселелерди талкуулады. Жолугушуу соңунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кыска мөөнөттө облустун жабыркаган чектеш айылдарындагы тургундарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн гинеколог, стоматолог, педиатрлардан жана башка тар чөйрөдөгү адистерден турган мобилдик бригадалардын чыгуусун уюштуруу, ошондой эле зарыл психологиялык жардам көрсөтүү үчүн адистердин бригадасын жөнөтүүсү тапшырылды.
Андан соң Жылдыз Бакашова «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан курула турган фельдшердик акушердик пунктунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бел-Алма жана Булак-Башы айылдарындагы капиталдык ремонтко муктаж болгон эки мектепке жана Кулунду айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборго барды.
Реабилитациялык борборго жана Максат айылындагы мектепке Министрлер Кабинетинен спорттук инвентарь берилди.
Ал реабилитациялык борбордун шарты менен таанышып, кызматкерлер менен маектешти. Борбордун айлык акыны жана коммуналдык тейлөөлөрдү төлөп берүүдө көйгөйлөрү бар. Аталган маселелерди чечүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле, республиканын жабыр тарткан чек ара айылдарындагы мектептеги билим берүүнүн сапатын жалпысынан жогорулатуу максатында Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:
- мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарын уюштуруу, анын ичинде онлайн режиминде да өткөрүү;
- жабыркаган айылдардагы мектептердин окуу-методикалык жабдуулар менен камсыздалышын өзгөчө көзөмөлгө алуу;
- тармактык түзүмдөр менен биргеликте Лейлек районунун Булак-Башы айылындагы «Булак-Башы» мектебинин авариялык абалдагы имаратынын ордуна типтүү имараттын курулушу маселесин иштеп чыгуу.
Мындан тышкары, Жылдыз Бакашова Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын медициналык кызматкерлери менен жолугушту, анда «кызыл зонада» иштеген медиктерге компенсацияларды төлөп берүү жана нейрохирург, эндокринолог сыяктуу тар адистиктеги врачтардын жетишпестиги боюнча маселелер көтөрүлдү.
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча Баткен облусунун саламаттык сактоо тутумундагы маселелерди ыкчам чечүү максатында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Лейлек райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ремонтун жана оорукананын суу менен камсыздоо тутумун жыйынтыктоо үчүн кошумча каражатты издеп табуу тапшырылды. Ведомствого эки айлык мөөнөттө Баткен облустук ооруканасын компьютердик томография аппараты менен жабдуусу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды ишке киргизүүсү тапшырылды. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жаш дарыгерлерге колдоо көрсөтүү максатында аларды жер тилкелери менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.