"Күрмөнтү цемент" ишканасынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-фермасы мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, "Күрмөнтү цемент" ишканасы майнинг-ферманын ишмердүүлүгүнө шарт түзүп, электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген. Бул факт Улуттук коопсуздук органынын сотко чейинки өндүрүштүк материалдарына, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча катталды.
Кылмыш ишинин алкагында майнинг-ферманын ишмердүүлүгү боюнча эки миңге жакын жабдуу алынды. Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.