Жаңылыктар
Текебаев "Кумтөр" боюнча акыркы чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко даярдык менен байланыштырды
Кыргызстан жаңылыктары
Текебаев "Кумтөр" боюнча акыркы чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко даярдык менен байланыштырды

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" боюнча акыркы чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко даярдык менен байланыштырды. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди. 

"Бизди эл аралык сот күтүп отурат. Эл аралык сотто "Кумтөр" боюнча келишим башынан эле коррупциялык экенин, президент, өкмөтү баш болуп кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп жасатып жатканын далилдеп алып барсак дүйнөлүк коомчулук коррупцияга терс пикирин билдирет. Бүгүн барын массалык түрдө кармап, ушуну далилдеп жатканын өч алуу, пиар катары карабастан, биз далилдик базабызды бекемдөө катары караш керек", - деди Текебаев. 

Анын пикиринде, Улуттук коопсуздук комитети кармалган аткаминерлердин күнөөсү жөнүндө элге ынанымдуу маалымат бериши керек. Тергөө мыйзам уруксат берген тартипте элге колдон келишинче кеңири маалымат бербесе, коомчулукта бүдөмүк ойлор жарала берет.