Кыргызстанда 29-майга карата коронавирус дагы 356 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.
Анда айтылгандай, бир сутка ичинде 458 адам коронавирустан айыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 бейтап каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 688 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 714 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 153 бейтаптын абалы орто оор, 421 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 104 миң 222 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 000 киши айыгып чыкса, 1 миң 797 адам каза болду.