Баткен облусунун эли "Тарых, маданият жана ынтымак кербени" эстафетасын Нарын облусуна өткөрүп берди. Бир жылдан бери уланган долбоор кыргыз жеринин ыйыктыгын барктап, тарыхый жана учурдун кадырлуу инсандарын даңазалоо максатында облустар арасында өткөрүлүп келет.
Эстафетаны алган аймак облустагы тарыхый инсандарды даңазалап, аларды жаштарга таанытуу аракетин көрмөкчү. Эстафета тапшыруу аземи Бишкекте өтүп, ага өнөр адамдары жана Баткен менен Нарын облустарынын тургундары катышты.
Анын алкагында, Баткен облусунан чыккан, тарыхта орду бар кадырлуу бир катар инсандарга "Тарых - таза адамдар менен куралат" сыйлыгы тапшырылды. Эске салсак, аталган сыйлык долбоордун алкагында негизделген.