Жаңылыктар
КМШ Өкмөт башчыларынын жыйыны Бишкекте өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ Өкмөт башчыларынын жыйыны Бишкекте өтөт

Экономиканын мындан ары өнүгүшү жаратылыш ресурстарын сактоо, тоо-кен тармагындагы жер казынасын пайдалануу саясатын туура жана ачык-айкын жүргүзүү менен тыгыз байланыштуу жана пайдалуу кендер эл кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, анын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүгө тийиш. Бул туурасында Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларустун Минск шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди.

«Акыркы мезгилде биз климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн ээришине жана алардын аянтынын кыскаруусуна уламдан-улам күбө болуп жатабыз, буга байланыштуу аларды сактоо боюнча чараларды өз убагында көрүү маанилүү болуп калды. Бул олуттуу милдеттердин бири болуп саналат, себеби ал КМШга мүчө-өлкөлөрдүн калкынын жашоо шартына жана сапатына түздөн-түз таасир этет. Аталган багыттагы ишти, анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердин 2021-2025-жылга Жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана сактоо боюнча биргелешкен иштердин келечектүү Пландарын ишке ашыруунун алкагындагы ишти активдештирүү маанилүү болуп саналат», - деди ал. Төрага ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө келишимди эске салды.

Улукбек Марипов белгилегендей, КМШдагы эпидемияга каршы кырдаалды турукташтыруудагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү маселеси боюнча мүчө өлкөлөрдүн пикирлеринин окшоштугу Шериктештикте экономикалык өз-ара мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүдө, достук, коңшулук мамилени жана туруктуулукту чыңдоодо маанилүү фактор болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында, КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.