Кыргызстан эл аралык мамилелерде биринчи кезекте улуттук кызыкчылыкты эске алып, бардык эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен кызматташууга умтулат. Бүгүнкү күндөгү алдыңкы жана конкреттүү тышкы саясат долбоору катары саналган Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташууну тереңдетебиз деп белгилеген президент Садыр Жапаров май айындагы элге жасаган кайрылуусунда. Анын ичинен стратегиялык өнөктөш, эгемендик жылдардан бери тыгыз кызматташтык алака түзүлгөн Орусия менен өлкө келечекте да ири долбоорлорду ишке ашырууга даяр.