Жаңылыктар
Президент Баткен облусун кыдырууда
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Баткен облусун кыдырууда

Баткен облусунун чек арага аймакташ айылдарында азыр, биринчи кезекте социалдык имараттардын курулушу, жергиликтүү тургундарга турак жай куруп берүү жана пенсия, жөлөк пул сыяктуу бир нече маселелерди чечүү зарыл. Мындан сырткары чек ара тозотторунун ишмердигине көңүл буруп, миграциялык абалга көз салуу керек. Президент Садыр Жапаровдун Баткендеги иш сапары бүгүн да уланып, чек ара окуяларында жабыркаган айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди.