Жаңылыктар
Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Бүгүн, Казакстандын Премьер-министринин орун басары - Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. 

Казак дипломатынын сапары "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу менен башталды. Андан кийин Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери тар жана кеңири чөйрөдө жолугушуу өткөрүшүүдө. Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, регионалдык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди карашат. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын жүк ташуучуларынын тоскоолдуксуз өтүүсүн ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Мухтар Тлеуберди эки күндүк иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кабыл алаары пландаштырылган.