Жаңылыктар
Президенттин Россияга иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Россияга иш сапары

Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк мамилелери, аны мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү маселеси бүгүн эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусунда талкууланды. 

Садыр Жапаров менен Владимир Путин Орусиянын Сочи шаарында жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландары талкууланды.