Жаңылыктар
Калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүү
Кыргызстан жаңылыктары
Калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүү

Министрлер кабинетинин маанилүү милдеттеринин бири – калкка сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү. Бул туурасында министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Ноокат районундагы Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземинде билдирди. Айтымында, калкты тейлөө борборунда бардык шарт түзүлүп, жарандарды документтештирүүнүн процесси арыз кабыл алуудан баштап, документти даярдоо жана берүүгө чейин автоматташтырылган. Арыз берүүчүлөр имараттан чыкпай туруп, тийиштүү документтерди чогулта алат. Сунушталып жаткан мамлекеттик тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатуу, жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча милдеттер акырындык менен ишке ашырылууда. Бул сыяктуу тейлөө борборлору бүтүндөй өлкө боюнча ачылууда. Улукбек Марипов жаңы ачылган борбордун иши менен таанышып, кардарлар менен баарлашты. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар каралып, эне жана бала бөлмөсү, өзүн-өзү тейлөө зонасы каралган, анда порталдын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланууга шарттар бар.