Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынан тамеки продукциясын мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты. Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркасы жок 4 миң 54 таңгак тамеки тартып алынды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен, тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.