Жаңылыктар
Турак жайлар калыбына келтирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Турак жайлар калыбына келтирилет

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан улам жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет. Ошону менен бирге, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилет.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган куралдуу кол салуудан Баткен облусунун айылдарындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн. 

Азыркы учурда жогоруда айтылган чыгымдарды эсептөө боюнча комиссия түзүлдү. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү талкаланган турак жайларды иликтеп, келтирилген чыгымды эсептеп жатат.

Түзүлгөн атайын комиссия бардык чыгымдарды аныктаган соң мамлекет талкаланган турак жайларды калыбына келтирип берет. Ал эми жашоого мүмкүн болбой толук жарактан чыккан үйлөрдү мамлекет кайрадан куруп бермекчи. Бул тууралуу өлкө башчысы да кечээ жасаган кайрылуусунда белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, турак жайларды калыбына келтирүү иши күз келип, суук түшкөнгө чейин толук аяктамакчы. Ошондой эле түзүлгөн комиссия бир аптанын ичинде ишин жыйынтыктап, калыбына келтирүү жумуштары башталат. Ал арада жеке демөөрчүлөр да мамлекетке көмөктөшүүгө даяр экендигин билдиришти. Ал эми турак жайлары талкаланбаган жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайтып жатышат.