Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын саны 178ге жетти. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, жаңжалдан 34 адам каза болду. “Бул маалыматтар 2-майга карата. Учурда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейлекте иштеп жатат. Ал эми барымтадан бошотулган 10 кыргызстандыктын абалы туруктуу. Алардын баары медициналык көзөмөлдөн өттү. Бешөө ооруканада жатат”, - деди ал.