Чек арада жапа чеккен тургундарга жардам берүү уланууда. Гуманитардык жардам өз дарегине жетүүсү үчүн көмөктү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан өкмөттүн штабына гана чогултуу керек. Себеби чек арадагы кырдаалга байланыштуу чогулган көмөк жерине даректүү жетиши керек.