Жаңылыктар
УКМК: “Бөрү” отрядынын 3 аскери курман болуп, 22 кызматкери ар кандай жаракат алды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: “Бөрү” отрядынын 3 аскери курман болуп, 22 кызматкери ар кандай жаракат алды

Тажик тарап менен куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын 3 аскери курман болуп, 22 кызматкери ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 аскер кызматкеринин абалы оор. “Жеке курам курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деп айтылат маалыматта. Мындан мурда кабарлангандай, чек арадагы чыр тажик тараптын чагымчылдыгынан келип чыккан.

 29-апрелде тажик аскер кызматкерлери Кыргызстандын чек ара бекеттерин жана тозотторун топтук куралдар менен аткан. Ошондой эле тажик тарап Ми-24 тик учагы менен абадан Баткен районунун Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарын аткылаган.