Өлкөдөгү бардык медициналык мекемелер күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, 30-апрелге карата чек ара чырында жабыркагандардын жалпы саны 134 адамга жетти, алардын 13ү каза болду. Арасында 12 жаштагы кыз да болгон. Солтонбекова жабыркагандардын алган жаракаттары ар түрдүү экенин айтты. Ок тийгенден, жарылуучу заттын майда калдыктарынан баш сөөктүн жаракаты, баш мээнин чайкалуусу жана сыныктар катталууда.
Бардык жабырлануучуларга тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле түндө 25 жаран Баткенден атайын борт менен Бишкекке алынып келинди. Бүгүн дагы 17 жабырлануучуну борбор калаадагы саламаттык сактоо уюмдарына которулат.