Жаңылыктар
Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус 331 адамдан аныкталып, 6 бейтап көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус 331 адамдан аныкталып, 6 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус дагы 331 адамдан аныкталды. Алты бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Ал эми бир сутка ичинде 268 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 477 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 12 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1040 бейтаптын абалы орто оор, 354 адамдын абалы оор жана 76 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 95 миң 275 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 191 киши айыгып чыкса, 1 миң 604 адам каза болду.