Жаңылыктар
Акыркы суткада коронавирустан Бишкектин 6 тургуну каза болду. 345 жаңы учур аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы суткада коронавирустан Бишкектин 6 тургуну каза болду. 345 жаңы учур аныкталды

Акыркы бир суткада коронавирустан Бишкек шаарынын 6 тургуну каза болду. Дагы 345 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 224, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 9, Баткен облусунда - 1 адамдан илдет табылган. Ошол эле учурда 265 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 1 миң 470 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 964 адам дарыланууда. 

Алардын ичинен 1 миң 35 бейтаптын абалы орто, 346 адамдын абалы оор, 72 бейтап өтө оор абалда жатат. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 944 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 923 киши айыгып чыкса, 1 миң 598 адам каза болду.