Жаңылыктар
Ооганстандан Алай районуна көчүрүлүп келген 44 этникалык кыргызга паспорт берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ооганстандан Алай районуна көчүрүлүп келген 44 этникалык кыргызга паспорт берилди

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Ооганстандан Алай районуна көчүрүлүп келген 44 этникалык кыргызга паспорт берилди. Алай райондук каттоо бөлүмү, алардын балдарына да күбөлүк даярдалып жатканын билдирди.

Жаңы конуш ээлерине бул күн - тарыхый дата катары эсте калды. Элим бар деп, тууган санап, илгери үмүт менен байыркы ата журтуна көчүп келген кыргыз боордошторго жарандык паспорт берилди. Талды-Суу айылынын тургуну документин алган 44 жарандын эң улуусу 77де болсо, кичүүсү жаңы гана 18ге толгон.