Жаңылыктар
Бишкектеги ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын кызматкерине иш козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын кызматкерине иш козголду

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясында текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, прокурордук текшерүүдө ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылбастан мыйзамсыз текшерүүлөр жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Алардын жыйынтыгы менен ишкерлерге айыптар салынган. Мыйзамга ылайык тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашылбаган текшерүүлөр одоно мыйзам бузуу болуп саналат жана алардын жыйынтыктары жараксыз деп таанылат. 

Белгиленген мыйзам бузууларды эске алуу менен, прокуратура тарабынан аталган инспекциянын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине укуктук баа берүү үчүн топтолгон материалдар Жазык кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.