Жаңылыктар
Кыргызстан “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесине кошулду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесине кошулду

Кыргызстан “COVID-19суз саякаттайм” маалыматтык тутумуна расмий түрдө кошулду. Эми өлкөнүн жарандары Россиянын аймагына кирүүгө негиз талап кылынбастан, жаңы коронавируска тапшырган анализдин терс жыйынтыгын мобилдик тиркемени көрсөтүү менен кире алат. 

Мындай жыйынтык менен Армения, Беларусь мамлекеттеринин аймагына кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Долбоордун алкагында, эки мамлекеттик жана төрт жеке лаборатория платформага кошулуп, 65ге жакын биоматериалдарды алуучу жайлар иштөөдө. Ушул тапта маалыматтык тутумду колдонуучулардын саны 5260 адамга жетти. 

Платформа COVID-19 пандемиясы учурунда өлкөлөр ортосунда жарандардын кыймылын чектөөгө байланыштуу, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө начарлаган экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.