Жаңылыктар
Мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеев 86 жаш курагында дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеев 86 жаш курагында дүйнө салды

Мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеев 86 жаш курагында дүйнө салды. Кабарды билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Илимпоз 1935-жылы Чүй облусунун Кегети айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги болгон. Ал Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. 

Бир катар илимий институттарда иштеген. Президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.