24-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 145 миллиондон ашык адам жуктуруп алды. 192 өлкөдө кооптуу тумоого 145 млн 289 миң 885 адам чалдыгып, анын ичинен 3 млндон ашык киши каза болду. Коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат.
Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллиондон ашты. Экинчи орунда – Индия. Мында инфекция жуктургандардын саны 16 миллион адамга жетсе, Бразилияда 14 миллион 237 миң адам вируска чалдыккан. Вирус көп катталган 5 мамлекеттин катарында Франция менен Россия да бар.