Жаңылыктар
БУУ менен башкы прокуратуранын кызматташуусу
Кыргызстан жаңылыктары
БУУ менен башкы прокуратуранын кызматташуусу

Башкы прокуратура менен БУУнун кызматташуусу талкууланды. Коррупцияга каршы күрөшүү, уурдалган активдерди кайтаруу жана адам сатуу багытында иштерди жүргүзүү боюнча Башкы прокурордун орун басары Рысбек Альчиев менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Миттал сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүнү талкуулашты. Анын ичинде Автоматташтырылган маалымат тутумунун ишин жакшыртуу, аймактардагы прокуратура органдарынын ишине эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүү жагына көңүл бурулду.