Жаңылыктар
Нарында баасы 500 миң сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында баасы 500 миң сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Нарын шаарында баасы 500 миң сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык прокуратурасы мыйзамсыз түрдө мэриянын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке жактарга турак жай куруу үчүн 800 чарчы метр жер тилкеси менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Бул факты «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.