Жаңылыктар
Кыргызстанда 478 окуучу Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 478 окуучу Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды

Кыргызстанда 478 окуучу Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

24-25-мартта Бишкек жана Ош шаарларында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын облустук борборлорунда республикалык олимпиаданын III этабы өткөн. Олимпиада 17 окуу предмети боюнча болуп, ага жалпысынан 1 976 окуучу катышкан. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары “кызыл тилкеге” киргендиги тууралуу билдирүүсүнүн негизинде олимпиаданын IV этабын өткөрүү маселеси COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында каралган. 

Жыйынтыгында азыркы шартта массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармануу сунушталган. COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын сунушу эске алынып, Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен облустук турда 1, 2 жана 3-орундарга ээ болгон 478 окуучу 2020-2021-окуу жылынын мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү деп табылды. 

1-орунду багындырган 155 окуучуга I даражадагы дипломдор жана китеп сатып алууга сертификаттар берилет, ал эми 2, 3-орунду ээлеген окуучуларга II жана III даражалардагы дипломдор тапшырылат. Ошондой эле республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон 270 окуучу - 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылыктарга ээ болушат.