Ферганада Баткен - Фергана - Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-23-апрелге белгиленген форум "Чек ара аймактарын интеграциялоо - өнүгүүнүн кепилдиги" деген аталышта өтүп жатат. Форум Баткен, Фергана жана Согди облустарынын башчыларынын расмий жолугушуусу менен башталды. Облус жетекчилери чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна элдердин карым-катнашын бекемдөө, облустар аралык ар тараптуу кызматташууларды жандантууну макулдашышты.
Анда аймактын инвестициалык дараметине кеңири токтолуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти. Жетекчилер айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспорттоо, өнөр жай, курулуш тармактары боюнча кызматташуу максаттарын билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Форумдун алкагында Фергана облусундагы айыл чарба, өнөр жай, жеңил өнөр жай ишканаларында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү болду.