Жаңылыктар
Шоумен, актёр Кадыр Жарматовдун жубайы көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Шоумен, актёр Кадыр Жарматовдун жубайы көз жумду

Ошто 22-апрель күнү шоумен, актёр Кадыр Жарматовдун жубайы Каныкей Саматова көз жумду. Бул тууралуу актёрдун кесиптештери билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Сулайман-Тоо мечитинде маркумдун жаназасы окулуп, Кара-Суудагы үйүндө жерге берилет. Анын артында 2 уул, 2 кызы калды. Учурда эмнеден улам көз жумганы белгисиз.

Кадыр Жарматов Ноокат районунун Борбаш айылында чоңойгон. «Тамашоуда» «No name» командасынын мүчөсү. Актёр катары бир канча фильмдерде роль жараткан.